КЫРК ЧОРО — Манастын баатырдык кошуну, нөкөрлөрү, эң жакын кеңешчилери, жан жолдоштору, кол башчылар, ар башка уруулардын тандалган мыктылары, кылданган баатырларынан куралган көйкашкалардын тобу. Ар башка варианттарда ар башка санда, айрым учурларда алардын аталыштары да ажырымдуу болгону менен негизинен элге кенен тараган саны кырк. Көпчүлүк учурда алардын баары тегиз саналбай негизгилери гана аталат да окуянын жүрүшүнө ылайык алар көпчүлүк учурда эпикалык каармандардын негизин түзөт. Кырк чоро айрыкча Сагымбай Орозбак уулунун вариантында Манас чоролору менен Каныкейге күйөөлөп барганда эки-үч жолу кайталанып толук саналат. Кырк чорого төмөнкү каармандар кирет: Бакай, Кыргылчал, Чалыбай, Ажыбай, Кутунай, Каратоко, Мажик, Камбар уулу Чалик, Сатай, Атай, Үмөт, Жайсаң, Каракожо, Бообек, Шаабек, Шүкүр, Алтай (албандардан), Төртай, Төлгөчү кара Төлөк, Токөтай, Калкаман, Элеман, Серек, Сыргак, Кошабыш, Эр Ыбыш, Алакен, Арстан Мажик, Чубак, Жоорунчу, Кайгыл, Бөгөл, Тоорулчу, Кербен, Дөрбөн, Бөгөл, Каратүлөө Кабыке, Жабыке, Бооке (Алоокенин уулу), Ырчуул, Бозуул, Тазбаймат, Шууту... Булардын ичинен жарымынан көбү туруктуу, дайыма аталган активдүү каармандар, ал эми акыркы он чактысы жалпы санга кирип аттары сейрек аталат да, айрымдары кээде башкача да атала берет.
К. Ботояров
КЫРК ЧОРОНУН КҮМБӨЗҮ — Манастан калган кырк чоро Семетейди жашсынтып, ага баш бербей, биз карыдык, жоокерчиликтен жададык, тынч жашайлык деген шылтоо менен кытай жакка качып жөнөшөт.
Кырк чоронун күмбөзү (Кочкор өрөөнү).
С. Чокморов. Манас жоокерлери менен.
Семетейдин аларды токтотууга жасаган аракети текке кетет. Кайра ага каршы согуш ачышат. Ошондо Семетей аларды кырып аларга күмбөз салдырат. Элдик уламыш боюнча ал күмбөздөрдү Кочкор өрөөнүндөгү Талаа-Булак, Төрткүл жана Семиз-Белдеги кыркаланган көп күмбөздөр менен байланыштырышат. Күмбөздөрдүн курулушу 16—19-кылымдын аралыгында бийик босоголуу болуп курулган. Бышырылбаган кыш менен кынаштырылып курулгандыктан урап бүтүп, алардын чала ураган орду гана калган. Мындай архитектуралык курулуш салты Орто Азия элдеринде кийинки убакка чейин колдонулган.
КЫРК ЧОРОНУН ОРДОСУ — Кочкордун түндүк-батыш тарабындагы Кара-Тоонун үстүндөгү түздүк. Узун-туурасы бир гектардай болгон ачык жай, ордо ойногондой тегерек, ортосунда кан жайгашкандай кичинекей белгиси бар. Элдик уламыш боюнча кырк чоросу менен ордо ойноп жаткан Манас Шамшы айылы тараптан үрккөн жылкылардын алдын тороп Кара-Тоодон таш ыргыткан дешет. Ошол таштар ээн талаада, ар кайсы жерде (10дой) ар кандай көлөмдө (эң чоңунун туурасы —2, 5, узуну 3,5, бийиктиги 3 м) жатат. Мындан тышкары ошол ордо ойногон жайыктан ылдый «Манастын үңкүрү», анын жанында «Аккуланын жер чапчыган изи» жатат. Үңкүр топурак ташка толуп, орду эле калган.